Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Бел боо күрөшүнөн кыргызстандык үч балбан дүйнө чемпиону болушту


Дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси Кадыр Келсинбеков машыгуу учурунда.
Дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси Кадыр Келсинбеков машыгуу учурунда.

Татарстандын Казан шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбандар 3 алтын, 3 күмүш, 7 коло байгени утуп алышты. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш 21-22-ноябрь күндөрү өткөн. Ага 20дан ашуун өлкөнүн спортчулары катышты. Бел боо күрөшүнүн эркин түрүнөн кыз-келиндер арасында 76 кг. салмактан жогоркулар менен күч сынашкан Нагира Сарбашова, эркектер арасында 90 кг. салмакка чейинкилер арасында Нурбек Кожобеков жана классикалык түрүнөн 100 кг. салмактан жогоркулар арасында Бекболсун Кушубаков алтын байге тагынып дүйнө чемпиону болушту.

Командалык эсепте Кыргызстандын курамасы 13 медаль менен 2-орунду ээледи. Биринчи орунга Орусия, 3-орунга Казакстан курамасы жайгашты. (ECh)

XS
SM
MD
LG