Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Төрага Жээнбеков: Журналисттердин аккредитациясы боюнча эч маселе жок


Парламенттин ишин чагылдыра турган журналисттерди каттоодо эч кандай маселе жок. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди. Ал соңку күндөрү бул боюнча коомчулук арасында кызуу талкуунун жаралышына маалыматтын жетишсиздиги себеп болгонун, жаңы чакырылышта аккредитация баштала электигин, азыр киргизилбей жаткан үч кабарчы буга чейинки чакырылышта аккредитациядан ажыратылганын айтты.

- Бүгүнкү күндө бир да журналист боюнча аккредитация баштала элек. Буга чейинки чакырылышта үчөөнүн каттоосу алыныптыр. Алардын бирөө боюнча соттун чечими болгон. Ачыгын айтайын, алар жумшак айтканда, туура эмес маалымат берген, андан аркысын айтпай эле коеюн. Ошолорду гана азыр киргизбей жатышыптыр. Ал эми калган журналисттердин бирөө боюнча да маселе жок, - деди Жээнбеков.

Төраганын айтымында, бүгүн парламенттин маалымат кызматы журналисттердин документин кабыл алып жатат, аккредитацияны эртең баштайт. "Документтерди карап, баарына тең берет аккредитацияны берет", деди Жээнбеков.

Айрым маалымат булактары жана жарандык активисттер 11-ноябрдагы жыйында Асылбек Жээнбеков парламент жөнүндө туура эмес маалымат тараткан журналисттерге аккредитация берилбей турганын айтканын жазып чыгышкан болчу.

Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, былтыр мартта жана быйыл февраль айында "24.kg" маалымат агенттигинин кабарчылары Юлия Костенко, Дарья Подольская жана Махинур Ниязованын жазгандары чындыкка дал келбеси далил болгондон кийин ошол кездеги депутаттар Игорь Гусаров жана Ирина Карамушкинанын арызынын негизинде алар Жогорку Кеңештин жыйындарына катышуу укугунан ажыратылган. (RK)

XS
SM
MD
LG