Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Депутат Акаев абак окуясы боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады


Октябрь айындагы абактан качкандар боюнча окуяны иликтөөгө парламент да киришүүсү керек. Мындай сунушун бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев айтып чыкты. Ал кандуу окуя унутулуп баратканын, бирок суроо жараткан көптөгөн жагдайлар бар экенин, ошондуктан ар бир фракциядан экиден депутат кирген комиссия түзүү керектигин билдирди:

- Эмне үчүн абактан качканда видеокөзөмөл камералары иштебей калган, электр өчкөндө генераторлор иштеген жок, өмүрүнүн аягына чейин кесилгендер соттоло электер менен чогуу отурган? Экстремисттер кантип сырткы дүйнө менен байланышып, түрмө ичинде өз ишин жайылткан?

Депутат ошондой эле айрым абактарда кызматкерлер үчүн ачылган спортзалдарда соттолгон кылмышкерлер машыгып жүргөнү тууралуу маалымат бар экенин айтып, мунун баары иликтенип, ачыкка чыгарылышы керектигин кошумчалады.

Өткөн айда Чүйдөгү №50 абакта өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 9 кылмышкер 4 түрмө кызматкерин өлтүрүп качып кеткен. Кийин алардын 3 кармоо учурунда өлтүрүлүп, 3 кармалгандан кийин түрмөдөн көз жумган. Атайын операциялар учурунда бир милиционер жана 2 жай тургун набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG