Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Кыргызстан ЕАЭБ аймагына 300 миң тоннадай жашылча-жемиш экспорттоду


Жыл башынан Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө 300 миң тоннадай жашылча-жемиш экспорттоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиаорация министрлигинин өкүлү Жумабек Асылбеков билдирди. Анын айтуусунда, быйыл жашылча-жемиштерди сыртка сатуу 30% өскөн.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан тарта мүчө болду. Ушул күнү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы бекеттери алынган. Биримдикке Кыргызстан,Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения мүчө. Расмий бийлик биримдикке кирүү айыл чарба үчүн жакшы шарт түзөрүн белгилеген. Бирок дыйкандар баанын арзан болуп жатканына нааразы болушуда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG