Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Оштогу жаңы көпүрөнүн бузулган таш жолу оңдолду


Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов “Азаттыкка” билдирди. Алишер Навои көчөсүнө түшкөн көпүрөнүн баш жагындагы, филармониянын алдындагы таш жолдо 1,5 чарчы метр бузулган жер жана тепкич бир сааттын ичинде оңдолду. Мэрия таш жол көпүрөнүн курулушуна тиешеси жоктугун, ал көпүрөдөн сырткары эле оңдолгонун айтууда.

Ормоновдун белгилешинче, ал жерди Ош шаардык жолдор башкармалыгы өзүнүн балансы аркылуу курган жана кайрадан өздөрү оңдоодон өткөрүштү.

Бүгүн эрте менен социалдык тармактарда Навоидеги көпүрөнүн таш жолу менен тепкичи бузулганы боюнча сүрөттөр тараган.

Ош шаарындагы кошкабат көпүрөнүн курулушу 28-октябрда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылган.

Ош мэри Айтмамат Кадырбаев сыноо учурунда өзү көпүрө астында туруп курулуштун үстүнөн жүздөй оор жүк ташуучу унаалар өткөргөн. Айрым шаардыктар көпүрө талапка жооп бербей бүтүп калганын айтып, сапатын убакыт аныктай турганын айтышкан эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG