Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Журналисттерди коргоо комитети Жон Керриге кайрылды


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азияга иш сапары менен келип жатканына байланыштуу Журналисттерди коргоо комитети ага кайрылып, чөлкөм лидерлери менен жолугушкан кезде көз карандысыз басылмаларды кысымга алууну токтотуу маселесин көтөрүүнү сурады. Нью-Йоркто жайгашкан уюм мамлекеттик катчыны абакта отурган журналисттерди бошотууга көңүл бурууга да чакырды.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде Өзбекстан менен Түркмөнстанда көз карандысыз журналисттерге бийлик басым көрсөтүп келет. Казакстанда да бул абал көңүл жылытарлык эместиги эл аралык уюмдардын баяндамаларында айтылат.

Жон Керри бүгүн Борбор Азияга сапарын баштайт. Анын Бишкектеги жолугушуулары 31-октябрга белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG