Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

БШК Мадумаровдун айткан маалыматын тактоодо


Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров бүгүн айткан маалыматты тактоодо. Мадумаров добуштардын автоматташтырылган эсеби менен кол санактын айырмасы өтө чоң болуп жатканын белгилеп, кайра саноону талап кыларын билдирген. Ал партия Ош жана Жалал-Абаддан алган добуштарын кол менен санаганда 37 миң добуш айырма чыкканын “Азаттыкка” билдирген болчу.

БШК мүчөсү Жеңиш Акматов бул маалымат текшерилип жатканын, бирок азырынча Мадумаровдун сөзү ырастала электигин “Азаттыкка” билдириди.

- Ал Ошто деп айтыптыр. Кара-Суу, Араванда баары эле туура чыгыптыр. Бир жерде гана машина 39 бюллетенди жараксыздар арасына кошуп койгон. Ал эми Кара-Сууда нөл-нөл чыгыптыр. Кайсыл жерден 37 миң тапты мен билбейм. Азыр дагы бардык жакка чалып тактап жатабыз. Булардын бардыгы кагаз түрүндө келгенде гана билинет.

“Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясы БШКнын алдын-ала маалыматы боюнча шайлоого катышкандардын 6,15 пайыз добушун алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG