Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

БШК: 12 миңден ашуун шайлоочу баарына каршы добуш берген


Кечээги шайлоого 1 млн. 598 миң 953 шайлоочу катышып, анын 12 миң 275и баарына каршы добуш берген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын бүгүнкү маалымат жыйынында айтылды. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун айтуусунда, пайыздык гана өзгөрүүлөр болбосо Жогорку Кеңештеги мандаттарды алты партия бөлүшөрү бышык.

КСДП саясий партиясына жалпысынан 430 миң 730 (27.41%) добуш берилди. Эң көп добушту Ош облусунан - 119 миң 199(7.59%), эң аз добушту Талас облусунан (9622 -0.61%) алды.

"Республика -Ата-Журт" партиясын Жалал-Абад облусу жакшы колдоп, 66 миң 725 (4.25%) добуш берилди. Партия жалпысынан 315 миң 446(20.08%) добуш алды.

"Кыргызстан" 202 миң 768 (12.9%) колдоого ээ болуп, эң көп - 42 миң 278 (2.69%) добушту Чүй облусунан алды.

"Өнүгүү -Прогресс" 146 миң 109 (9.3%) добуштун 41 миң 739 (2.66%) Жалал-Абад облусунан алды.

«Бир бол» партиясы өлкө боюнча 133 миң 566(8.5%) добуш алды. Партияны эң көп Ош облусунун 34 миң 359(2.19%) шайлоочусу, эң аз 2 миң 259 (0.14%) нарындыктар колдоду.

"Ата Мекен" башка аймактарга караганда Ош шаарынан эң аз (4 миң 328 - 0.28%) добуш алган. Партия жалпы добуштун көбүн Жалал-Абад облусунан алды. Бул аймактан партияга 25 миң 245 (1.61%) колдоо көрсөтүлдү. (КЕ/JM)

XS
SM
MD
LG