Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Кундуз: ооруканага урулган соккудан тогуз адам өлдү


Эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюму Ооганстандын Кундуз шаарындагы абадан урулган соккуда тогуз адам өлгөнүн, 37 киши жараат алганын билдирди. Калаадагы оорукананын бир бөлүгү кыйрады. Аталган уюмдун 30 кызматкеринин дайыны чыкпай жатат. Сокку уруулар 3-октябрга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экилерде болду.

Ооганстан түндүгүндөгү Кундуз шаарын өткөн жумада талиптер ээлеп алган. Аймакты жоочулардан куткаруу аракети уланып жатат. НАТО өкүлү оорукана жардырылган болушу ыктымалдыгын, бирок сокку уруулар ал эл аралык күчтөргө коркунуч келтирген согушкерлерге каратылганын айтты.

"Чек арасыз дарыгерлер” уюму билдиргендей, Кундуздагы жарымы талкаланган бейтапканада 105 оорулуу бар. Аларга эл аралык уюмдарда иштеген жана жергиликтүү 80ден ашуун дарыгер көз салууда.

НАТО окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG