Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

КСДП: айрымдар жагымпоздук кылууда


Парламенттик шайлоого талапкер Кыргызстан социал-демократтар партиясынын маалымат кызматы административдик ресурсту колдонуп, мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине аралашууда деген маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты. Анда жергиликтүү бийлик же мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен партия кызыкчылыгы үчүн үгүт жүргүзүүнү эч бир лидер суранган эместиги белгиленген. Ошондой эле аталган партия шайлоонун таза өтүшүн каалаарын жана айрымдар өздөрү эле жагымпоздук кылып жатканы айтылат.

Буга чейин жер-жерлерде мамлекеттик кызматкерлерди мажбурлап, КСДПнын жыйындарына алып барганы, элди жыйынга даярдап жаткан тасмалар интернетке чыгып кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG