Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

КСДПнын үгүт өнөктүгү БШКда эртең каралмай болду


КСДПнын үгүтү боюнча маселени БШК бүгүн караган жок. Боршайком мүчөсү Жаркын Бапанованын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн бул маселени кароо үчүн тийиштүү документтер даяр болбой калганы үчүн, маселе эртең саат 11ге калды.

Депутаттыкка талапкер, “Азаттык” партиясынын жетекчиси Исмаил Исаков Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) үгүт жарнамалары боюнча чара көрүүнү суранып Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган. Анда КСДП “Президентти колдойлу!” деген чакырык колдонуп, Башмыйзамды бузуп жатканы белгиленет.

Мыйзам боюнча мамлекет башчы эч бир партияны жандабай, шайлоо учурунда бейтарап болушу керек.

КСДПнын “Президентти колдойлу!” деген жарнамалары 28-сентябрдан тарта илине баштаган.

Партиянын Бишкектеги штабынан билдиришкендей, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев КСДПны менин партиям деп ачык эле айтып жүргөндүктөн, бул үгүткө колдонулуп жатат.

“Азаттык” партиясынын “Азаттык” радиосуна тиешеси жок. (AzK/TSh)

XS
SM
MD
LG