Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Нарымбаев менен Коркмазовдун соту дагы жылдырылды


Жогорку Кеңеш депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин соту 2-октябрга жылдырылды. Коркмазовдун бутуна операция жасалгандыктан отурумга келе албаганын анын адвокаты билдирди. Мындан улам сот жыйыны башка күнгө которулду.

Коррупцияга шектелип жаткан эки аткаминердин үстүнөн соттук териштирүүлөр 23-сентябрдан бери уланып жатат. Жараянга судья Абдуразак Боронбаев төрагалык кылууда.

Быйыл 15-июлда Коркмазов учурда камакта отурган Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин ишин жеңилдетүү максатында анын жакындарынан 200 миң доллар пара сурап, анын 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул ишке Данияр Нарымбаевдин да катышы бар экени айтылып, ал 22-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Коркмазов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG