Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

“Аскер курулуш” ишканасына каршы кылмыш иши козголду


Аскер прокуратурасы жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы биргелешип жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында Коргоо министрлигине караштуу “Аскер курулуш” компаниясы имараттарды курууда мыйзам бузган фактылар аныкталды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, аталган компания аскер жайларындагы кампаларды кайра ремонттон өткөрүү иштерине жана башка курулуш обьектилери үчүн бөлүнгөн акчадан кымырып алып, мамлекетке миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

11-cентябрда “Аскер курулуштун” директору мыйзам бузууларды текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын кызматкерине 10 миң доллар пара сунуштап, акчаны берип жаткан учурда кармалган. (SE)

XS
SM
MD
LG