Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Кыргызстанда 6-7 баллга жеткен жер титирөө катталышы ыктымал


Бул тууралуу “Азаттыкка” Илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов билдирди. Анын айтуусунда, ушул жылдары сейсмикалык активдүүлүк байкалууда. Алдын ала божомол боюнча, Алай, Чоң-Алай аймагы, Ысык-Көл жана Чүйдүн чыгышында жер титиреши ыктымал.

- 2008-жылдан баштап жердин катмарларында чыңалуу көп топтолуп калды. Ал сөзсүз жер титирөө менен бошошу керек. Ошондуктан жакын арада бошошу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз. Бизде 9 баллга жетчү жер титирөөлөр болуу мүмкүнчүлүгү деле жок. 6-7 баллдан ашпайт деп жатабыз, - дейт Абдрахматов.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2015-жылы Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күчү 7-9 баллга жеткен жер титирөөлөр болушу ыктымалдыгын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG