Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Дания Германия менен темир жол катнашын токтотту


Темир жол катнашынын үзүлушү качкындар маселесинен чыгууда. Шаршембиде Германиядан келген поюздагы качкындар вагондордон чыкпай, Данияда катталуудан баш тартышып, Швецияга өтүүгө мүмкүнчүлүк берилишин талап кылышкан. Бул окуядан кийин Дания полициясы Германия менен темир жол катнашын токтотуу чечимин кабыл алды.

9-сентябрда Германиядан Данияга келген жүздөгөн качкындар Швецияга карай жөө жөнөшкөн. Алар Швецияда качкындарга мамиле бир кыйла жумшак деп эсептеп, Данияда катталуудан баш тартышкан. Өткөн жумада Дания парламенти мигранттарга берилчү жөлөкпулду бир топ кыскартуу боюнча чечим кабыл алды.

Жыл башынан бери Европа өлкөлөрүнө Жакынкы Чыгыштан жана Африка өлкөлөрүнөн 350 миңден ашуун качкындар киришкен.

XS
SM
MD
LG