Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Меркел: Мигранттар агымы Германияны алдыдагы жылдары өзгөртөт


Мындай эскертүүнү немис канцлери Ангела Меркел бүгүн Берлиндеги басма сөз жыйында жасады.

Меркелдин айтымында, Германия өзгөрүүлөр оң багытта болушун каалайт жана буга жетише алабыз деп ишенет. Ал эми Германиянын вице-канцлери Зигмар Габриэль басма сөз жыйында буларды белгиледи:

- Ооба, биз быйыл 800 миң качкынды кабыл алып, интеграциялай алабыз. Бирок бул узак мөөнөттө жыл сайын кайталана албоосу да айдан ачык. Биз Европанын качкындар боюнча башка саясатына муктажбыз. Германия, Австрия, Швеция эл качкындарды эң көп санда кабыл алалбайт.

Германия жетекчилери бул сөздөрдү ушул дем алыш күндөрү жеңилдетилген эрежелерден улам 20 миңдей мигрант Австрия чек арасын кесип, Германияны көздөй өтө алды деп эсептелип жаткандан кийин айтты.

Меркелдин өкмөттүк коалициясы мигранттарга жардам көргөзүү иштери үчүн алты миллиард евро ажыратууну макулдашты. Бирок Европанын калган өлкөлөрүн качкындар жүгүн чогуу көтөрүшүүгө чакырууда.

Бул аралыкта француз президенти Франсуа Олланддын билдиргенине караганда, Еврокомиссия азыр биримдик өлкөлөрү 120 миң качкынды милдеттүү түрдө бөлүп алуусу боюнча сунуштарды даярдап жатат. Ага ылайык, Франциянын үлүшүнө 24 миң качкын тиет. (UE)

XS
SM
MD
LG