Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Баткен жаштары партияларга нааразы


Баткен шаарынын жана Баткен районунан жаштар тобу өлкө президентине жана парламенттик шайлоого аттанган 14 саясий партия лидерлерине кайрылуу жолдошту. Анда парламенттик шайлоого катышкан партиялардын алдыңкы жыйырмага чейинки тизмеде Баткен районунан жана шаар аймагынан бир да талапкер катталбаганына нараазылык билдирилген. Аймактын толтура көйгөйлөрүнө токтолгон жаштар партияларга көп акча берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктуктан татыктуу талапкерлердин партия тизмелеринин алдыңкы орундарына илинбей калганын жазышкан.

Жаштардын пикиринде, Баткен району менен шаар аймагында жашаган 120 миңдей калктын, 50 миңдей шайлоочунун кызыкчылыгын баам сыртында калтырып, жалаң акчалууларды гана алдыңкы тизмеге киргизген парламенттик система натыйжасыз. Эгер аймак кызыкчылыктары эске алынбаса, коомчулукту бардык партияга каршы добуш берүүгө чакырууга аргасыз болобуз, деп айтылат кайрылууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. (JsA)

XS
SM
MD
LG