Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

АКШ Өзбекстанды ИМге каршы “казатка" чакырды


АКШ Мамкатчысынын Борбор Азия боюнча орун басар жардамчысы Даниэль Розенблюм. Душанбе, 6-февраль 2015
АКШ Мамкатчысынын Борбор Азия боюнча орун басар жардамчысы Даниэль Розенблюм. Душанбе, 6-февраль 2015

Вашингтон Өзбекстанды “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы согушкан көп улуттуу коалицияга кошулууга үндөдү. АКШ Мамкатчысынын Борбор Азия боюнча орун басар жардамчысы Даниэль Розенблюм 27-августта Ташкенттеги сапары маалында журналисттерге билдиришинче, ал Өзбекстан жетекчилигинен коалицияга өзүнө ылайык формада көмөктөшүүнү сураган. Жихадчыларга каршы согуш аскерий гана компененттен турбайт, ага чалгындоо маалыматтарын чогултуу жана уюмга кеткен финансылык жардамдарды токтотуу аракети да кирет деди Розенблюм. Өзбекстан Ооганстан талиптерине каршы согушта НАТОго жардамдашкан.

Розенблюм өзбек бийликтери пахта териминде балдардын эмгегин пайдаланууну чектөөдө оң жылыштар бар деп, бирок дагы көп иштер жасалыш керекэкенин да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG