Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Аламүдүндүн прокурору эки айга камалды


Чүйдүн Аламүдүн районунун прокурору Кубанычбек Мамакеев жана анын орун басары 21-октябрга чейин камалды. Тергөө мөөнөтүн алар УКМКнын абагында өткөрөт. Кечээ, 27-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, ушундай чечим чыгарды.

Кубанычбек Мамакеевди жана анын орун басары менен жардамчысын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 25-августта кармаган. Тергөөнүн маалыматына караганда, алар Көк-Жар айылында салынган үйлөрдүн бирин түрттүрүп салабыз деп коркутуп жергиликтүү жарандардын биринен 20 миң доллар талап кылып, анын 2 миңин алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Кылмыш иш ири суммада пара талап кылууну уюштуруп, алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деген беренелердин негизинде козголду.

Айыпталуучу тарап окуя боюнча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG