Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

"Ислам мамлекети" радикал тобу Түркияга жакын биртоп айылды ээледи


Айрым маалыматтарга караганда, “Ислам мамлекети” радикал тобу Сириянын түндүгүндө дагы бир нече аймакты басып алды.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюмдун ырастоосунда, согушкерлер 5 айылды, анын ичинде Түркия менен чек арага жакын 2 кыштакты ээлешти.

Экстремисттер чек арадан 20 чакырым алыстыктагы Мареа шаарын курчоого алышканын билдиришти. Шаар Дамаск режимине каршы күрөшкөн козголоңчулардын колунда болчу.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу бүгүн Рейтер агенттигине билдиргендей, чек ара аймагын “Ислам мамлекетинин” жоочуларынан тазалоо максатында НАТО боюнча эки өнөктөш жакын аралыкта абадан сокку уруу операциясын башташы ыктымал.

XS
SM
MD
LG