Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Түндүк Корея аскерий активдүүлүгүн күчөттү


Сеулдун маалыматы боюнча, Түндүк кореялык 50 суу алдында жүрүүчү кеме мурда турган базаларынан чыгып кеткен. Азыркы орду белгисиз. Жалпысынан Түндүк Кореяда 70 суу алдында жүрүүчү кеме бар. Түштүк Кореянын маалымат агенттиги билдиргендей, Пхеньян чек арадагы оор артиллериясын да эки эсеге көбөйткөн.

Ушундан улам, Түштүк Кореянын аскер командачылыгы Аляскада машыгууда жүргөн F-16 истребителдеринен турган эскадрильясын шашылыш чакыртып алды.

23-августта чектеш жердеги Пханмунджом аймагында Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда сүйлөшүүлөр уланды. Биргелешкен кеңешмелер ишембиде Пхеньян койгон мөөнөт аягына чыккан күнү башталган. Түндүк Корея эгер Түштүк Корея чек арадагы үгүттөөчү үн күчөткүчтөрүн ишембиге чейин өчүрбөсө, аскердик операцияларын баштарын эскерткен болчу.

Бир нече күн мурун эки тарап бири-бирин замбиректен аткылашкан.

XS
SM
MD
LG