Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Обама Иран келишими боюнча ийгиликке жетиши ыктымал


Бул тууралуу Республикалык партиянын АКШ Сенатындагы лидери Митч МакКоннелл билдирди.

Конгресстин республикачылар үстөмдүк кылган Эл өкүлдөр палатасы жана Сенаты Ирандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн келишимди келерки айда биргелешкен резолюция менен четке кагары күтүлүүдө.

Бирок, президент Обама эгер Конгресс келишимди жактырбаса ал чечимге вето салууну убада кылган болчу. Республикачыларга президенттин ветосун жеңүү үчүн добуштардын кеминде үчтөн экиси талап кылынат.

Ал эми президент ветосу күчүндө калыш үчүн Сенатта 34 демократтын колдоосуна муктаж. Буга чейин алардын 20cы келишимди колдой турганын ачыкташты. Вето күчүндө калыш үчүн Эл өкүлдөр палатасында 146 добуш зарыл. Буга чейин ал жердеги демократтардын 48си келишимди колдорун айтышкан.

Сенаттагы республикачылардын лидери Митч МакКоннелл кечээ моюнга алгандай, президент Обама үчтөн бир бөлүктүн колдоосуна Конгресстин эки палатасынын биринде ээ болушу ыктымал.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча он жыл ашуунга созулган талашты жөнгөрүү жолдору каралган келишим дүйнөнүн АКШ баштаган ири алты державасы жана Тегерандын ортосунда өткөн айда түзүлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG