Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Сот материалдарын уурдагандар кармалды


Чүй облустук сотундагы материалдарды уурдоо менен өрттөөгө тиешеси бар деген шек менен алты адам кармалганын “Азаттыкка” Кыргызстандын Ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.

Бул ишти уюштурууга талап-тоноочулук боюнча айыпталып камакта жаткан Абдулла Юсупов, жакында эле ири өлчөмдө маңзаты менен кармалган Абдували Акжолов тиешеси бар деп шектелүүдө. Алар жаткан камерадан үч телефон, он сим-карта табылган.

Ал эми 5-августта кармалгандардын биринин үйүнөн баштыктар табылган. Алар сот Жумагуловго таандык экени такталган жана анын ичиндеги документтер да Жумагуловдуку болушу мүмкүн. Экинчи шектелүүчүдөн кылмыш иштин алты тому табылган.

Кармалгандардын бири аткарган иши үчүн аларга 20 миң сом төлөп беришкенин мойнуна алган. (MTo/EBM)

XS
SM
MD
LG