Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Мергенбаев: Сапар Исаков мени алдап кетти


Өткөн жылкы "Көчмөндөр оюндарына" карата Чолпон-Ата шаарындагы атмайданды жаңылаган “Темир Канат” ишканасынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаев Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков алдап кеткенин айтууда.

“Бюджеттен реконструкцияга деп 200 млн. сом каралган. Мага алгач 52 млн., кийин 20 млн. беришти. Оңдоп-түзөөгө жалпы 87 млн. сом короттук. Өкмөт мага дагы 14 млн. сом карыз. Сапар Исаков "буга президент өзү да кызыкдар, кийин маселе жаралбайт, акчаны иш бүткөндөн кийин толук беребиз" деген. Биз убагында бүтүргөнүбүзгө карабай акчаны беришкен жок”, дейт Мергенбаев.

Э. Мергенбаев Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн Эсеп палатасына буйрук берип текшерткенин, текшерүүчүлөр эреже бузуу таппаганын айтып, “бирок Исаковго мындай жооп жакпай, кайра мага акча жеди деп кылмыш ишин козгоп коюшту”, деп кошумчалады.

Бул икнеге карата президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы С. Исаковдун пикирин алууга мүмкүн болбоду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну былтыр сентябрда Ысык-Көлдө өткөн. (МТо)

XS
SM
MD
LG