Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Жерүйдөн түшкөн акчага 100 мектеп курулат


Таластагы Жерүй кенинен аукциондун негизинде түшкөн 100 млн. доллар акчага 2016-жылы өлкө боюнча 100 жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда билдирди. Ал кошумчалагандай, дагы 100 мектеп капиталдык оңдоодон өтөт.

- Балдарыбыз шарты бар мектепте окусун, айлык акыны көтөргүлө дейсиңер. Мамлекет кенди иштетүүнү туура жолго коюп, ушул маселелерди акырындап чечип жатат.

Ал белгилегендей, кийинки жылы Талды-Булак-Сол-Жээк жана Бозумчак кендери толук кубаттуулукта иштей баштаса, бюджетке кошумча 1,5 млрд. сомго жакын киреше түшөт.

Жалал-Абаддагы иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Ала-Бука районундагы Бозумчак кенинин ачылыш аземине катышып, бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышты. (RsK\SDz)

XS
SM
MD
LG