Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Түркияда жардыруудан эки аскер набыт болду


Түркиянын түштүк-чыгышында Диярбакыр шаарына жакын жерде өткөн түнү автоунаа жарылып, эки аскер кызматкери мерт болду. Дагы төртөө жараат алышты. Маалыматтарга караганда, автоунаа аскер колоннасы кетип бара жаткан жолдо жарылган. Диярбакыр райондук администрациясы жардырууну террористтер жасаганын айтып чыкты. Адатта түрк бийлиги күрд көтөрүлүшчүлөрүн ушундай атайт.

Ишемби күнү 25-майда Күрд жумушчу партиясы мындан ары Анкара менен элдешүүнү сактабай тургандыгын билдирген. Алар мындай билдирүүнү түрк аскер авиациясы Ирактын түндүгүндөгү Күрд жумушчу партиясынын лагерлерине сокку урган соң тараткан.

Түрк аскер авиациясы жана артиллериясы Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун турумун дагы аткылап жатат. Өлкөнүн премьер-министри Ахмет Давутоглу Түркияга кокунуч келип турганда операциялар улантыла берерин билдирген. Ал “Ислам мамлекети” тобунун жана Күрд жумушчу партиясынын мүчөлөрү деп шектелген 590 киши камалганын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG