Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

“Улуттар биримдиги” Мырзакматовго байланыштуу жыйын өткөрөт


“Улуттар биримдиги” партиясынын Оштогу саясий кеңеши бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, Мырзакматовдун үстүнөн жүргөн сот жараянына нааразылыгын билдиришмекчи. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Ош шаар кеңешинин депутаты Рысбек Мирзаматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Мырзакматовго чыккан чечим саясий мүнөзгө ээ:

- Соттун бул чечимин Мырзакматовду шайлоого катыштырбоо аракети катары баалайбыз. Анткени 22-июлдагы сот Мырзакматовдун жактоочусунан жана соттогу башка өкүлдөрүнөн жашыруун, эч кимге кабарлабай, кечкисин өткөрүлүп, тымызын чечим чыкты. Бийлик Мырзакматовду ачык соттоодон чочулады.

22-июлда Ош шаардык соту мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен үй-мүлкүн конфискациялап, өзүн жети жылга эркинен ажыратууга сыртынан өкүм чыгарган. Мурдагы мэрге Ош шаарындагы эстакада көпүрөсүн курууда мамлекетке 29 млн. сомдук зыян келтирген деген айып менен кылмыш иш козголгон. Мырзакматов муну “саясий куугунтук” деп атап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” партиясы жакында эле быйылкы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясын колдорун билдирген. Айрым маалыматтар боюнча Мырзакматов "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде алдыңкы беш талапкердин бири болуп шайлоого бармак. (ZKo)

XS
SM
MD
LG