Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

Түркиянын Сурук шаарындагы жардыруудан кеминде 27 киши мерт болду


Сирияга чектеш Сурук шаарындагы маданий борбордо болгон жардыруудан дагы жүз чакты адам жаракат алганын Түркиянын ички иштер министрлиги кабарлады. Каргашага кабылган маданий борбор Сириянын Кобани шаарынан он чакырымдай гана аралыкта турат.

Түрк ички иштер министрлиги жардырууну теракт деп атады.

Күрт аскерлери жакында эле Кобани шаарынан "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлерин сүрүп чыкканы кабарланган. Өткөн айда аталган топтун чабуулдарынан шаарда 200дөн ашык адам ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG