Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

АКШ менен Куба дипломатиялык мамилени жандандырууда


Бүгүн Вашингтондо 1961-жылдан бери алгачкы ирет Кубанын элчилиги ачылат. Ак үйдөн алыс эмес жердеги элчиликте жана АКШ Мамлекеттик департаментинин кире беришинде Кубанын желеги илинет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Кубанын мамлекеттик катчысы Бруно Родригести расмий кабыл алат. Жолугушуудан соң журналисттер үчүн маалымат жыйыны өтөт.

Өткөн жылы 17-декабрда АКШ президенти Барак Обама менен Кубанын лидери Рауль Кастро жарым кылымдан бери уланып келаткан мамлекеттер аралык араздашууга чекит коюп, дипломатиялык мамилени жандандыруу тууралуу сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG