Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Паракорчулукка шектелген депутат эки айга камакка алынды


Кечээ, жума күнү кечинде Бишкектин Октябрь райондук соту Хаджимурат Коркмазевдин тергөө иштери аяктаганча эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу күч органдарынан билдиришти.

15-июлдун кечинде депутатты 48 саатка камоо чечими чыккандан кийин анын жакындары УКМКнын имаратынын жанында нааразылыкка чыккан.

Улуттук коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовду шаршемби күнү 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаганын кабарлашты.

Расмий маалыматка караганда, Коркмазов парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге тиешелүү иштердин бирин Жогорку Сотто анын пайдасына чечип берүүгө ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара сураган. (TSh)

XS
SM
MD
LG