Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Сариев: Кумтөрдөгү мөңгүлөр изилденет


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн өлкөдөгү маалымат каражаттардын жетекчилери менен жолуккан учурда, “Суу кодексине” байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирди. Ал жакын арада Кумтөрдөгү Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн эколог, гляциологдордон турган атайын эксперттик топ изилдей турганын, анын корутундусунун негизинде өкмөт Жогорку Кеңешке тийиштүү мыйзамды сунуш кыларын айтты.

Өткөн айда парламент өкмөт сунуштаган “Суу кодексине” толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган. Бирок бир аптадан кийин мыйзам долбоор мөңгүлөрдү сактоого кепилдик бере албайт деген жүйө менен добуш берүүдөн алынган. Мыйзамды өкмөт Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдү башка жерге көчүрүп, кенди ачык ыкмада иштетүүгө уруксат берүү максатында иштеп чыккан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG