Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Бишкекте казак жараны өзүн жардырды


Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анын маалыматына ылайык, өткөн аптада Бишкекте жатак абактан эки казакстандык качып чыккан. Алардын жүргөн жери аныкталып, кармоо операциясы өткөн. Бирок качкандардын жанында курал-жарактары, гранаталары бар экени белгилүү болгон соң шаар тургундарына зыян тийгизбеш үчүн операция токтотулган.

1-июлга караган түнү казак жарандарынын биринин жүргөн жери аныкталып, аны кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, акыры өзүн граната менен жардырып жиберген. Ушул тапта экинчи киши изделүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG