Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Ошто төрт айлык ымыркайды сатып жаткан аял кармалды


Ош шаарында төрт айлык ымыркайды 20 миң сомго сатып жаткан жеринен бир аял кармалганын бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Окуя 24-июнда шаардын Масалиев атындагы көчөдө болгон.

Өзгөн районунун 46 жаштагы тургуну атайын ыкчам издөө операциясынын жыйынтыгында кармалганы кабарланууда. Адам аткезчилиги боюнча берененин негизинде кылмыш иш козголуп тергөө жүрүүдө.

Мурдагы күнү Орусияга иштегени кетип, уулун күйөөсүнө калтырган токтогулдук мигрант келин эки жашар баласы сатылып кеткенин, Чүй облусунун Аламүдүн милициясына кайрылса эч натыйжа болбой жатканын айтып чыккан. Ага чейин Таласта ажырашкан үй-бүлөдө атасы наристесин Нарынга сатып жибергени маалым болгон.

Ички иштер министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, соңку 5 айда бала сатуу боюнча 2 факт катталган. Бирок укук коргоочулардын айтымында, мындай көрүнүштөрдүн көбү көмүскөдө кала берүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG