«Газпром Кыргызстан» компаниясы кыргыз өкмөтүн көгүлтүр отундун баасын кымбаттатууну суранууда. Бул тууралуу бүгүн аталган ишкананын жетекчиси Болот Абилдаев билдирди.
Анын айтымында, тарифти өндүрүш өзүн өзү актай тургандай кылып этап-этабы менен, он жыл ичинде ай сайын 3-5% көтөрүү керек.
Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, газдын баасы улуттук валютанын курсуна жараша болот, эгер сом арзандаса, баа жогорулашы ыктымал.
Кыргыз өкмөтү "Кыргызгаз" ишканасы карызга батып кетти деген жүйө менен аны Орусиянын "Газпромуна" 1 долларга 2014-жылы сатып жиберген болчу. Натыйжада "Газпром Кыргызстан" ишканасы түзүлгөн.
Бүгүн өкмөт башчы Темир Сариев Чүйдөгү жана Бишкектеги газ түтүктөрүнүн абалы менен таанышып жүрөт. (RK)