Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Экологиялык төлөм алына баштаганы сырттан кирген автоунаанын саны азайган


Бул маалымат бүгүн, 14-июнда вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Жол" чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетине барган маалда белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маматалиев Кыргызстан туризм тармагын өнүктүрүү үчүн чет жактан келгендерге эч кандай тоскоолдук жаратпаш керектигин белгиледи. “Экологиялык төлөм эрежесин кайра карап чыгуу керек” - деди Маматалиев. Ошондой эле вице-премьер-министр "Ак-Жол" бекетинде унаа коюлчу орун жок экенин сынга алды.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, 15-майдан тарта Кыргызстандын аймагына чет өлкөдөн кирген машиналардан экологиялык зыян үчүн төлөм алына баштаган. Бажы кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, жеңил машиналар үчүн 1000, кичиавтобустар үчүн 2500 миң сом алынат. Төлөмдөрдү кабыл алууну буга чейин Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги аткарып келсе, быйыл бул иш Бажы кызматына берилген.

Айрым айдоочулар жана жарандык коомдун өкүлдөрү туристтик сезон башталган учурда төлөм киргизүүгө нааразылык билдиришкен. Экологиялык зыян үчүн төлөмдөр башка өлкөлөргө киргенде, мисалы, Казакстанда, Орусияда да алынат. (TSh)

XS
SM
MD
LG