Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Эшек сойгондорду жазалоочу мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду


Мындай өзгөртүүлөрдү камтыган Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзам долбоор 26-майда коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорду “Ар-намыс” фракциясынан депутаттар Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан.

- Эшекти союуга мыйзамда тыюу салынган эмес, бирок байыртан эле этикалык көз караштардан улам Кыргызстанда эшектин эти тамакка колдонулган эмес. Материалдык пайда алууга умтулуу элдин фундаменталдуу дөөлөттөрүнөн артык болууга тийиш эмес. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине үй жаныбарларын союу үчүн жазык жоопкерчилигин киргизүү сунуш кылынат, - деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде.

Мыйзам долбоор бодо малды жана кой-эчкини, чочкону, итти, ошондой эле үй канаттууларын союуга тиешеси болбойт.

Бул мыйзамды бузгандарды акчалай айыппул салуу же бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштерине жазалоо каралган.

Быйыл жазында Бишкекке жакын жердеги айылда эшек союлган касапкана иштеп жатканы аныкталып, андагы союлган эшектердин эти борбор калаадагы коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып турган деген маалымат тараган. Касапкананын ээлери болсо эшектер чет өлкөлүк зоопарктын буюрутмасы менен союлуп, эти ошол жакка жиберилип турганын билдиришкен.(BkA)

XS
SM
MD
LG