Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Ош: мыйзамсыз батир алгандар катарында Жалил Атамбаев да бар


Бул тууралуу Ош шаарында өткөн июнь окуясында жабыркаган жарандарга турак жай бөлүштүрүү мамлекеттик комиссиянын акыркы отурумунда жумушчу топтун төрагасы, парламент депутаты Абдыжапар Бекматов билдирди.

Оштогу эң бай киши деп айтылып жүргөн Жалил Атамбаев Ош кичирайонунда жайгашкан үйү коогалаңда өрттөнүп кетип, анысына документ тапшырат. Аны үчүн Төлөгөн Токтобаев, Төрөжан Бакалбаев жана Айнура Тургунбаева аттуу өзүнүн жакындарына бөлүп жаздырып туруп, үйлөрдөн төрт батир алган. Мындайча айтканда, бир үйдүн ордуна ал төрт квартира алган.

Мындай батир Оштун "көмүскө кожоюну" аталган Жалил Атамбаевге мамлекеттик комиссиянын 2011-жылдын 22- июнь күнү болгон отурумунда берилген жана анын аты-жөнү жумушчу топтун аныктамасындагы "туура эмес берилген" деген түшүндүрмөсүнө кирген.

Эске салсак, Жалил Атамбаев Ош шаарындагы тургундар эс алуучу бактарды мурунку шаар бийликтеринен сатып алып, көп кабаттуу үйлөрдү курган. Ал мындан сырткары шаардагы белгилүү ресторан-кафе, чайхана жана бир нече заводдордун ээси катары айтылат. Ж.Атамбаев аэропорттогу милиция кызматынын башчылыгынан кеткендиги маалым болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG