Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Иран өзөктүк программасы боюнча келишим түзүлөрүнө үмүт билдирди


Ирандын башкы сүйлөшүүчүлөрүнүн бири Аббас Аракчи бул тууралуу бүгүн Венадагы жыйында айтты.

Ал жерде бүгүн сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталууда.

Иран менен катар АКШ, Европа Биримдиги, Британия, Германия, Кытай, Франция, Орусиянын дипломаттары Тегерандын өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишимдин долбоорун жазуу үстүнөн иштөөсү керек.

Дипломаттардын айтымында, бул иште айрым жылыштар, ошол эле учурда чечиле элек айрым маанилүү маселелер да бар.

Жыйынтык келишимдин негизги өңүттөрү менен багыттарын дүйнөнүн алты державасы жана Иран 2-апрелде макулдашкан.

30-июнга чейин түзүлүүсү керек болгон жыйынтык келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын мурдагыдан бир топ чектесе, ага каршы киргизилген экономикалык санкциялар жеңилдетилет.

АКШнын пикиринде, жыйынтык келишим Иран өзөктүк куралга ээ болбой турганын кепилдөөсү зарыл. (UE)

XS
SM
MD
LG