Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Македония: куралдуу топтун кол салуусунан беш полициячы окко учту


Македониянын чыгышында куралдуу террордук топ менен атышууда беш полиция кызматкери мерт кетип, отуздан ашууну жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Гордана Янкуловска билдирди. Кагылыш өлкө түндүгүндөгү Косово менен чектешкен аймакта болгон. Атышуулар учурда да уланып жатат. Кол салгандар бронетехника, автоматтык жардыргыч заттарды колдонгон. Учурда жайкын тургундардын арасында каза болгондор бар-жогу аныкталып жатат.

Министр Янкуловска куралдуу топтун максаты өлкөдөгү мамлекеттик мекемелерди басып алуу болгонун, бул туруктуулукка коркунуч туудурарын билдирди. Ал коопсуздук күчтөрү операцияны акыркы кылмышкер жок кылынганга чейин жүргүзөт деп убада берди.

XS
SM
MD
LG