Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

АКШ Сенаты Иран боюнча мыйзамга добуш берет


Республикачыл мыйзамгерлер сунуштаган долбоор Конгресске Иран азыр дүйнөнүн алты державасы, анын ичинде АКШ менен даярдап жаткан эл аралык келишимди кайра кароого мүмкүндүк берет.

Мыйзамдын максаты - АКШ Конгресси зарыл болсо Тегеранга каршы катаал санкцияларды киргизүүгө ыйгарым укук алышы.

Долбоорго ылайык, Тегеран менен макулдашуу жетишилсе АКШнын Иранга каршы санкцияларын жеңилдетүү жараяны 30 күнгө токтотула алат. Бул мезгил аралыгында Конгресс келишимди жактырат же четке какса болот.

Иран АКШдагы мыйзам долбоорун сынга алды. Өткөн аптада долбоорго сунушталган алымча-кошумчалар боюнча республикачыл сенаторлор арасында да талаш-тартыш чыккан.

Мындан улам мыйзам Иран менен сүйлөшүүлөргө шек келтирет деген айрым демократтар документти колдоодон баш тартышы, президент Обама вето салышы да мүмкүн.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишим Тегеран менен дүйнөнүн ири алты державасы ортосунда 30-июнга чейин түзүлүүсү керек. (UE)

XS
SM
MD
LG