Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Кыргызстандагы ММКлардын эркиндиги анализделди


Кыргызстандык массалык маалымат каражаттары быйыл Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүн салыштырмалуу эркиндик, саясий таасирлер жана Интернет-коркунучтар шартында тосту. Бул тууралуу Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

Аталган уюм соңку 4 ай ичинде анализ жүргүзүп, ушундай тыянакка келген.

Уюмдун эксперттеринин пикиринде, макалалар менен посттордун көбү жек көрүүчүлүк лексикасы менен коштолгон. Негизги темалар кытай "экспансиясы", Кумтөр, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселелерине арналган. Медиа-контенттин калыптануусуна орусиялык пропаганданын да таасири тийип жатканы айтылууда.

3-майда Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү белгиленди.(RK)

XS
SM
MD
LG