Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Депутаттар Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү талкуулап жатат


Бүгүн Жогорку Кеңеште беш фракция депутаттарынын биргелешкен жыйыны өтүп жатат. Анда Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда. Жыйындын жүрүшүндө Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун мөөнөтү да каралышы күтүлүүдө. Жыйынды алып барып жаткан «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Куловдун айтымында, өлкөдө айрым реформаларды ишке ашыруу үчүн Баш мыйзамдагы кээ бир беренелерди тактоо зарыл болуп жатат.

Буга чейин күзүндө парламенттик шайлоо менен катар Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүшү мүмкүн экени айтылган. Анда президенттин айрым укуктарын кыскартып, аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын көбөйтүү, Жогорку Соттун президиумун түзүү жана депутаттардын ыйгарым укуктары боюнча өзгөртүүлөр каралары айтылган.

Кулов кошумчалагандай, эгер бүгүнкү жыйында сунуштар депутаттардын колдоосун тапса, мындан соң парламенттин комитеттерине жөнөтүлмөкчү.(BkA)

XS
SM
MD
LG