Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Порошенко Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгүн кароого чакырды


Еврокеңештин президенти Дональд Туск, украин президенти Петро Порошенко жана Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер. Киев, 27-апрель, 2015-жыл.
Еврокеңештин президенти Дональд Туск, украин президенти Петро Порошенко жана Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер. Киев, 27-апрель, 2015-жыл.

Петро Порошенко анын өлкөсүнүн Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүн кароого чакырды.

Порошенко бүгүн Киевде Евробиримдик-Украина саммитинде сүйлөгөн учурунда белгилегендей, Евробиримдик Украина келечекте шаркеттин мүчөсү болорун моюнга алышы керек.

Украин президенти кошумчалагандай, анын өлкөсү зарыл саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн Евробиримдиктин салмактуу колдоосуна муктаж.

Евробиримдик -Украина саммити Киев Брюссель менен ассоциация келишимине кол койгондон бери биринчи ирет өтүп жатат.

Сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишиминин шарттары кандай аткарылып жатканына бурулары айтылган.

Быйыл февралда кол коюлган келишим кыянатчылыктардын басаңдашына алып барды.

Бирок анын шарттары өкмөттүк күчтөр жана орусиячыл жикчилдер тарабынан да бузулуп жатканы утур-утур кабарланып келет.

Маселен, украин армиясы кечээги атышуулардан бир аскери өлүп, жетөөсү жаракат алганын маалымдады.

Ошол эле учурда Минск келишиминин саясий бөлүгүнүн аткарылуусу талаш жаратууда.

Сүйлөшүүлөрдө, маалыматтарга караганда, Украинадагы экономикалык жана саясий реформалардын абалы, президент Порошенконун ок атышуунун токтотошуна мониторинг жүргүзүү үчүн Евробиримдиктин бейпилдик күчтөрүн жиберүү өтүнүчү да талкууланмакчы. (UE)

XS
SM
MD
LG