Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Икрамжан Илмиянов кызматынан бошотулду


Икрамжан Илмиянов
Икрамжан Илмиянов

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновду кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Өткөн жумада Илмиянов кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз жолдогон. Ал дарегине ар кыл негизсиз каралоолор айтылып жактанын белгилеп, кызматтан бошотууну суранган.

Өткөн аптада “Вечерний Бишкек” басма үйү президентке эки ирет кайрылуу жолдоп, "гезитти басып алуу аракети болуп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турат" деп ачык жарыялаган. Ага чейин да коомчулукта Илмиянов кадрлык маселелерди чечет деген сөздөр айтылып жүргөн.

Мамлекет башчынын мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмиянов 2011-жылдан бери президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп иштечү.​(BkA)

XS
SM
MD
LG