Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Кыргызстан Кумтөрдөгү экология боюнча төрт доо менен сотко кайрылган


Бул тууралуу бүгүн Коалициялык кеңештин жыйынында айтылды. Доонун жалпы суммасы 7 млрд. сом. Бирок эки жылдан бери бул иш сотто карала элек. Болгону айыпталып жаткан тараптын дооматтары каралып келатат. Ушул тапта Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин талкуулап жатат. Анда улутташтыруу, үлүшү теңме-тең биргелешкен ишкана ачуу же ушул маселени чече албаган өкмөттү кетирүү бир жаңсыл чечилери белгиленген.

“Кыргызалтындын” мурдагы жетекчисчи Токон Мамытов Мамлекеттик экотехинспекция менен Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан сотко берилген доо арыздардын баасы 20 миллиард сомдун тегерегинде болгонун буга чейин белгилеген. Ошондой эле "Центерра" айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн жыл сайын Кыргызстанга 310 миң доллар төлөп келсе, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бул көрсөткүчтү 10 эсеге көбөйтүп, 3 миллион доллар төлөнүүсү талап кылынууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG