Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Айтиева: ЭлТРде коррупциялык схема болгон


Бул тууралуу “Азаттыкка” ЭлТР телеканалынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Максуда Айтиева өзүн кызматтан кетсин деген талаптарга байланыштуу комментарий берип жатып билдирди. Ал аталган телеканалда реформа жүрүп жатканын, фокус-группалардын сынынан өтпөгөн берүүлөр токтотулганын билдирди. Ошондой эле Айтиева маалымат үчүн акча алып, бирок кассага салбаган коррупциялык схемалар болгонун кошумчалады.

-Бул схеманы токтотуп башкача иштеп баштаганбыз. Бирок эски система менен иштеген адамдардын мындай реакциясы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Реформа жүргөн жерде ушундай көрүнүштөр болот.

Айтиеванын айтымында, 2014-жылы жалпы жарнамадан түшкөн каражат 41 млн. сомду түзгөн. Анын 47% “Жуңгого сапар” берүүсү үчүн келишимдин негизинде Кытай төлөгөн.

ЭлТР телеканалынынын кесиптик кошууну башкы директордун милдетин аткаруучу Максуда Айтиеванын кызматтан кетүүсүн талап кылып, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG