Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Ош: оппозиционерлерди токмоктоду деген тогуз адам көрсөтмө берди


Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык милициянын башчысы Кылыч Жолдошев билдирди. Анын айтымында, кечээ күнү өз ыктыяры менен тогуз адам шаардык милицияга келип, Абдылда Капаровдун үйүнө барганы тууралуу көрсөтмө беришкен. Алар муну оппозиция өкүлдөрүнө өз суроолорун берүү үчүн барганы менен түшүндүргөн. Милиция Капаровдун үйүнө киргендер Ош шаарынын жөнөкөй жашоочулары экенин айтууда.

Жолдошев бардык тараптардын көрсөтмөлөрү текшерилип жатканын, азырынча кылмыш иши козголо электигин кошумчалады.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Улукбек Маматаевдерди үйүндө коноктогон Ош облустук милициясынын мурунку башчысы Абдылда Капаров топ балдар дарбазадан ашып түшүп, өзүн токмоктоп, конокторун сүйрөп алып кеткени тууралуу 9-апрелде милицияга арыз жазган. (YI)

XS
SM
MD
LG