Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Лукашенко Донбасска курал Орусиядан кириши мүмкүн экенин четке какпайт


Беларус президенти Александр Лукашенко Bloomberg телеканалына берген интервьюсунда Орусиядан Украина чыгышына курал жеткирилиши боюнча так маалымат жок экенин, бирок мындай маалыматтарды четке какпай турганын айткан. Лукашенко Донбасстагы жаңжалда советтик үлгүдөгү куралдар колдонулганын, андайлар Чыгыш Европада, Орусияда, ошол эле Беларуста болушу ыктымалдыгын белгилеген. Орусиялык аскерлер тууралуу журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Белорус президенти “Украинага аскерин жөнөткүдөй орусиялыктар анчалык аңкоо эмес”, - деп жооп берген.

Расмий Москва Донбасстагы жикчилдерди колдоп жатат деген Батыштын сындарын четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG