Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Дадаев сотто Немцовду өлтүрбөгөнүн айтып чыкты


Заур Дадаев Москва шаардык сотундагы угуу маалында. 1-апрель, 2015-жыл.
Заур Дадаев Москва шаардык сотундагы угуу маалында. 1-апрель, 2015-жыл.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду өлтүрдү деп шектелген негизги айыпталуучу "кысым астында жасабаган ишти моюнума алгам" деп айтып чыкты.

Заур Дадаев 1-апрелде Москва шаардык сотунда "бейкүнөө экенимди ырастачу далилдерим бар" деди. Бирок Тергөө комитетинин өкүлдөрүнүн ырасташынча, Дадаевдин күнөөсү күбөлөр жана соттук-медициналык экспертиза тарабынан далилденип, өзү моюнуна алган экен.

Сот Немцовду атып өлтүргөнгө катышкан деп шектелген Хамзат Бакаевди, Тамерлан Эскеркановду, Шахид Губашевди эмки соттук угууга чейин абакта калсын деп чечти. Алар Заур Дадаев жана Анзор Губашев менен чогуу камакка алынган. Экс-вице-премьер Немцов Орусиянын Украинадагы кырдаалга кийлигишүүсүн ырастаган маалыматтарды мына жарыялайм деп жүргөндө өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG