Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Балдардын эмгегин мыйзамдаштыруу демилгеси көтөрүлүүдө


Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев бул боюнча Балдар кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Анын айтымында, мыйзамга баланын толук кандуу өнүгүүсү үчүн анын ден соолугуна залал кетирбеген же билим алуусуна тоскоол болбогон шартта эмгекке тартылуусуна уруксат берген норманы киргизүү зарыл.

Мындан тышкары эл өкүлү мамлекеттик, жергиликтүү бийликтер балдар эмгеги үчүн керектүү шартты түзүп берип, алдардын ишмердигиндеги коопсуздукка көз салышы керек деп айтууда.

Балдар кодексинин 15 - беренесине ылайык, баланын ден соолугуна коркунуч келтирген же анын билим алуусуна жолтоо боло турган эмгекке тыюу салган норма бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG